Мурдагы прокурор Кубанычбек Мамакеевди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту пара талап кылганы үчүн 12 жылга кести. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. Өкүмдө ошондой эле Мамакеевдин мүлкүн мамлекетке чегерүү, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү керектиги жазылган.
Мамакеев жана дагы эки прокурор Чүйдүн Аламүдүн райондук прокуратурасында иштеп турганда мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу жарандардан 20 миң доллар пара талап кылган деп былтыр кармалган. (RK)