Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кыргыз-тажик чек арасында дагы жер титиреди


29-июнда катталган жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллды түздү. Анын очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай районунун Нура айылынан 45 чакырым, Ош шаарынан 135 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка караганда, силкинүү Бар-Дөбө айылында 5 балл, Нура, Эркеч-Там, Кара-Киндикте 4 балл, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Чоң-Каракол, Кичи-Каракол, Сары-Могол, Сары-Таш, Ачык-Суу, Ак-Босого, Калык айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Теректе 2,5 балл сезилди. (NT)

XS
SM
MD
LG