Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кыргызстанда быйыл жол кырсыктары 320 адамдын өмүрүн алды


Кыргызстанда жол кырсыктары көп катталат.
Кыргызстанда жол кырсыктары көп катталат.

Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жол кырсыктарына айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн эреже бузгандыгы себеп болууда. Шаар ичинде жол чырактардан, көчөлөрдүн кесилиштеринен, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерде кырсыктар көп катталат. Чоң трассаларда авариялар катуу ылдамдык, буйтап өтүүдөн улам келип чыгууда:

- Жыл башынан бери, беш ай ичинде өлкөдө 2028 жол кырсыгы катталды. Андан 320 адам каза таап, 3050дөн ашууну ар кандай жаракаттарды алышты. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,9 пайызга аз.

Анткен менен, Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган өлкөлөрдүн тизмесинен чыга элек. Айрыкча Бишкек шаары, Чүй облусу, Ош-Бишкек, Бишкек-Торугарт каттамдары кандуу окуялардын баш сабында. (NT)

XS
SM
MD
LG