1-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,
Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус.
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34°