Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Казакстан: Балхашта кармалгандардын Актөбөдөгү чабуулдарга тиешеси жок


26-июнда Караганда облусунда эктремист деп шектелген алты адам кармалган.
26-июнда Караганда облусунда эктремист деп шектелген алты адам кармалган.

Караганда облусунда кармалган экстремисттик топтун мүчөлөрү деп шектелгендер Актөбөдөгү июнь айында болгон чабуулдарга тиешеси жок. Бул тууралуу шаршембиде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

26-июнда Балхаш шаарында жана Гүлшат айылында “колго жасалган жардыруучу заттарды колдонуу менен теракт уюштурууну пландап жатышкан” деген шек менен алты адам кармалган. Алардын бирөө кармоо учурунда өзүн өзү жардырып жиберген. Комитеттин башчысы Владимир Жумакановтун билдиришинче, кармалгандардын баары жергиликтүү тургундар жана салафи агымын тутунгандар болгон.

5-6-июнда Актөбөдөгү эки курал сатуучу дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын имаратына 30дай адам куралдуу кол салган. Актөбөдөгү атышуудан террорчу делген 18 адам, төрт жай тургун жана үч күч кызматкери көз жумган.

XS
SM
MD
LG