Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Женевалыктар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылды


Көчмөндөр оюндары.
Көчмөндөр оюндары.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев менен Швейцариядагы кыргыз элчиси Данияр Мукашев 30-июнда Женева шаарында маалымат жыйын курушту. Алар батыштыктарды Кыргызстанга келүүгө, ошондой эле Көчмөндөр оюндарына катышууга чакырышты. Бул тууралуу Женевадагы кыргызстандык журналист Чолпон Орозобекова билдирди.

Жанар Акаев 1-2-июлда өтүүчү Социнте́рндин (эл аралык социал-демократиялык бейөкмөт уюму) жыйынына катышуу үчүн расмий чакыруу менен Швейцарияда жүрөт. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Биринчи жолу бул иш-чара 2014-жылы уюштурулган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан. Быйылкы эл аралык оюндарга мындан да көп мамлекеттин өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Катышуучулар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат. (NT)

XS
SM
MD
LG