Cпикер Чыныбай Турсунбеков бүгүн алтынчы чакырылыштын биринчи сессиясында аткарылган иштер тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берет.
Маалымат жыйынга катышуу үчүн журналисттерди алдын ала каттоо 30-июнда аяктады. Парламенттин VI чакырылышы кечээ алгачкы сессиясын расмий түрдө жаап, жайкы эс алууга тарады. Депутаттар эми сентябрда ишке чыгышат.
Алты фракциядан куралган азыркы парламент 2015-жылдын 4-октябрында шайланган. (NT)