Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:10

Стамбулдагы терактка кыргызстандык катышкан деген маалымат такталууда


Видеокамерадан алынган сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети Стамбулда өзүн жардырган жанкечтилердин бири кыргызстандык деген маалыматты иликтеп жатат. Буга чейин түркиялык басылмалар террорчулар Кыргызстан, Өзбекстан жана Чеченстандын жарандары болгонун кабарлашкан. Андан кийин алардын баары чечен тектүү деген маалыматтар да тарады.

28-июнда эл аралык "Ататүрк" аэропортундагы ок атуулар жана аны улай үч жанкечтинин өзүн жардыруусунан каза тапкандардын саны 40тан ашты, 200дөн ашууну жаракат алышты. Жабыркагандардын арасында 22 жаштагы кыргызстандык жаран да бар. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG