Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Атамбаев жаштарды адал эмгекке үндөдү: Мен да кезинде короо шыпыргам


Иллюстрация
Иллюстрация

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө жаштарын адал эмгекке үндөдү. Бүгүн Бишкекте мектепти мыкты аяктаган бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда ал пол жууп, кафеде иштегенден намыстанбаш керек экенин, өзү да жаш кезинде короо шыпырып, отжагар, сугатчы болуп эмгектенгенин айтты.

Ошондой эле мамлекет башчы аткаминерлер арасындагы коррупцияны сындап, "ууру министр болгуча пол жууп иштеген артык" деген оюн билдирди жана жаштарды таза болууга чакырды:

- Билим, акылдан тышкары уят, тазалык да керек. Айдар Акаев же Максим Бакиев сыяктуу акылдуу, шылуун болуп, бирок таза болбосоңор жакындарыңарды жана өлкөңөрдү тоногондон башка эч нерсе кылбайсыңар.

Быйыл орто мектепти мыкты аяктаган 66 бүтүрүүчүгө бүгүн Алмазбек Атамбаев "Алтын сертификат" жана 10 миң сомдон сыйлык тапшырды.

Президенттин белгилешинче, жыл сайын Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин 20% билим тармагына жумшалат. (AiA/RK)

XS
SM
MD
LG