Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгуусу Кыргызстандын банк секторунун туруктуулугуна системалык таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, учурда стерлинг фунту өлкөдөгү банктык активдердин жалпы көлөмүнүн 0,04 гана пайызын түзөт.
Өткөн аптада Британияда жалпы элдик референдум өтүп, анын жыйынтыгында өлкө Евробиримдиктен чыгууну чечти.
Мунун айынан британиялык валюта - стерлинг фунту айрым валюталарга карата арзандаганы байкалууда. (RK)