Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:45

Керри Армения жана Азербайжан президенттери менен сүйлөштү


Жон Керри
Жон Керри

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Армения жана Азербайжан президенттерин Тоолуу Карабакта чыңалуунун алдын алууга үндөдү. Эки жетекчи менен өз-өзүнчө телефон сүйлөшүүлөрүндө Керри аймакта ок атышууну токтотуу макулдашуусу негизинен сакталып жатканын белгиледи.

Мамлекеттик департамент тараткан маалыматка караганда, Вашингтондун өкүлү Армения президенти Серж Саргсян жана Азербайжан президенти Илхам Алиевди өз ара ишенимди бекемдөө жана май-июнь айларында болгон жолугушууларда кабыл алынган тынчтык процессин алга жылдыруу боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга чакырды. Армения мамлекет башчысынын кеңсеси маалымдагандай, Керри менен Саргсян Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобунун аракеттерин талкуулашты. Алдыңкы күнү болсо Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер куралдуу кагылашуулардын чыгып кетишинин алдын алуу үчүн касташкан тараптар ок атышпоо макулдашуусун бекемдөөгө тийиш деп билдирген.

XS
SM
MD
LG