Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Сөгөт айылындагы 2,5 гектар жер боюнча талаш такталмайын ал жерге эч ким киргизилбейт


Айтылган тилкеде Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын эксперттеринин катышуусунда Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнөн турган комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан улам бул аймакка эки тараптын тең жарандары азырынча кирбей турган болушту.

Кашка-Суу айыл өкмөт башчысы Улукбек Керимкуловдун айтымында, бул жер айыл өкмөттүн балансындагы жер жана ал кыргыз тараптын пайдалануусунда болуп келген.

Ал 1-июль күнү бул аймакка өзбек чек арачылары кирип келип, чөп чаап жүргөн кыргыз жарандардын кетүүсүн талап кылганын билдирди.

Кечээ айрым маалымат булактары Аксынын Сөгөт айылында өзбек жарандары Кыргызстандын жерин басып алды деген маалымат таратышкан. Аксы акими Медет Айдаралиев интернетте 2,5 гектар кыргыз жерин өзбек жарандары басып алды деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирген.

Мамлекеттик чек ара кызматы Аксы районунун Сөгөт жергеси такталган тилке болуп эсептелерин, Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек араны бузуу фактысы катталбаганын, чек аранын айтылган тилкеси штаттык режимде кайтарылып жатканын айтышкан. (AzK/RsK)

XS
SM
MD
LG