Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди. Ал мындан тышкары ушул тапта дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекети менен туризм тармагында келишимдерди түзүү боюнча иш жүрүп жатканын айтып, Тарых жана маданият жылында өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу жалпы маалымат берди.
Быйыл өлкөдө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгы жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы өткөрүлөт. Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрь күндөрү өтөт.
Өкмөт мамлекеттик казынадан Тарых жана маданият жылын өткөрүүгө 94 миллион сом бөлгөн. Жыл башында 2016-жылды Тарых жана маданият жылы катары белгилөө жарлыгына президент Атамбаев кол койгон. Бул демилге Кыргызстандын тарыхын, маданиятын сактап калуу жана өркүндөтүү максатын көздөйт деп жазылган президенттин билдирүүсүндө. (AzK)