Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Ил-76 учагынын кара жашиги жана экипаж мүчөлөрүнүн сөөгү табылды


Орусиянын Иркутс облусундагы Качуг районунда жума күнү эртең менен жоголгон Ил-76 учагынын сыныктары табылды. Анын куйругунан башкасы толук күйүп кеткен. Учурда учак түшкөн жерде токой күйүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, кулап жарылган учактан улам айлана-тегеректи өрт каптаган. Ушул тапта экипаж мүчөлөрүнүн төртөөнүн денеси табылды. Куткаруучулар калган алты киши да мерт болгон деп боолголоп жатышат.

Жума күнү токойдогу өрттү өчүрүү үчүн учуп чыккан учак абага көтөрүлгөн соң, ал менен байланыш үзүлүп калган. Облус губернатору Сергей Левченко кырсыкка байланыштуу 4-июлду аза күтүү күнү деп жарыялады. (AzK)

XS
SM
MD
LG