Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:00

АКШ: сот Jonson&Jonson компаниясына 70 миллион доллар айыппул салды


АКШнын Филадельфия штатынын соту Jonson&Jonson компаниясын 70 миллион доллар айыппулга жыкты.

Аталган компаниянын Риспердал аттуу дарысын ичкен бала көкүрөк оорусуна чалдыгып, саламаттыгы жабыркаганы аныкталган. Анын үй-бүлөсүнө компенсация катары 70 миллион доллар берилет. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады. Аталган компания буга чейин да бир нече ирет доого жыгылган. Бул соттук териштирүүдөн кийин сатыктагы Риспердал дарысынын 12 миң даанасы алынып салынды. Бул дарыны чыгарууга 2002-2006-жылдары АКШнын Фармакология департаменти уруксат берген. Риспердалды аутизм дарты менен жабыркаган балдарга жазып беришчү. (BCh)

XS
SM
MD
LG