Линктер

шейшемби, 23-январь, 2018 Бишкек убактысы 23:37

Пакистандын Читрал районунда жекшембиде кокусунан башталган селден 43 набыт болгону маалымдалды. Дайынсыз кишилер изделип жатат.

Кабарларга караганда, өлкөнүн Ооганстан менен чектеш аймагында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп мечитти жана ошол жердеги бир канча үйдү суу каптаган.

Табият кырсыгы кокусунан башталганы айтылууда. Издөө-куткаруу иштери уланып жатат.

Бул аймакта былтыр да сел жүрүп, адам өмүрү кыйылган. (SE)

XS
SM
MD
LG