Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Евробиримдик шайлоо үчүн бөлгөн акчанын биринчи траншы берилет


Шайлоо.
Шайлоо.

Кыргызстандагы демократияны шайлоо системасы аркылуу бекемдөө багытында Европа биримдиги берчү 11 миллион евронун алгачкы траншы 5 миллион евро өлчөмүндө бөлүндү. Бул тууралуу биримдиктин Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Стенбек Мадсен өткөн апта соңунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушууда ырастады. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, каражаттын калганы кийинчерээк өзүнчө транш менен берилет.

Европа биримдиги - Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Тараптардын кызматташуу кеңешинин өткөн жылы ноябрдагы жыйынында 2020-жылга чейин Кыргызстанга 184 миллион евро жардам бөлүү чечими кабыл алынган. Анын ичинде шайлоо системасын өркүндөтүү үчүн 11 миллион евро бөлүнөрү айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG