Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Орусияда олигарх Прохоров активдерин сатууга киришти


Михаил Прохоров
Михаил Прохоров

"Онэксим" компаниясынын кожоюну Михаил Прохоров Орусиядагы активдерин сатууну көздөп жатканын орус маалымат каражаттары кабалады. "Ведомости" гезитинин 4-июлдагы жазганына караганда, компания "Русал", "Уралкалий", Quadra жана башка фирмалардагы акцияларынын пакетине кардар издөөдө. "Онэксим" өзү бул тууралуу расмий маалымат берүүдөн баш тарткан. Апрель айында Федералдык коопсуздук кызматы "Онэксимдин" Москвадагы кеңсесинде салык маселеси боюнча тинтүү иштерин жүргүзгөн. Май айында Прохоровго таандык РБК медиа-тобу иликтөөгө алынган. РБК Путиндин кызы Катерина Тихонова жана "Панамагейтс" боюнча маалыматтарды чыгарып, президент Путиндин ачуусун келтиргендиги айтылган. Михаил Прохоров Орусиянын эң бай адамдарынын бири. Ал АКШда "Бруклин Нетс" баскетбол командасынын да ээси. (AiT)

XS
SM
MD
LG