Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Пакистанда суу каптоодон 33 адам набыт болгону такталды


Табигый кырсык.
Табигый кырсык.

Пакистан бийлиги өлкөнүн түндүк-батышында көнөктөп куйган жаандан кийинки суу каптоодон өлгөндөр саны мурда кабарлангандай 41 эмес, 33 адам экенин маалымдады. Көтөрүңкү маалымат өлгөндөр тууралуу кабарлардын кайталанышынан улам жаралган.

Көнөктөп куйган жаан Пакистанда 2-июлдан 3-июлга чейин болгон. 29 киши Арсун айылын суу каптоодон набыт болгон. Арсун айылы жайгашкан Читрал районунун комиссарынын орун басары Усама Уирич 13 киши дале дайынсыз экенин белгиледи.

Суу каптоодон кытайлык эки инженер жана пакистандык эки жумушчу курман болушкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG