Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Түркия террорчулукка каршы күрөштө Орусия менен кызматташууга даяр


Инжирлик аба базасы.
Инжирлик аба базасы.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министр Мевлют Чавушоглу 4-июлда Стамбулда билдирди. Ал Түркия Даишке каршы күрөшкө кошулгандарга Инжирлик аба майданын колдонууга уруксат бергенин кошумчалады.

Бул билдирүү Түркия Инжирлик базасын Орусиянын колдонушуна жол ачарын билдирди. Бирок Чавушоглу кийинчерээк журналисттерге “мен андай маалымат берген эмесмин” деп айтты.

Инжирлик аба базасын АКШ баштаган коалицияга кирген Германия, Улуу Британия, Сауд Арабиясы жана Катар Даишке каршы күрөштө колдонууда. Аба майданы Адана шаарынан 8 чакырым алыстыкта, Сирия чек арасына жакын жайгашкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG