Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Көчмөндөр оюну атмайданын оңдоого 988 млн сом бөлүнгөн


Көчмөндөр оюндары.
Көчмөндөр оюндары.

Жумуш башталгандан бери Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы атмайданын оңдоо иштерине 192,7 млн сом сарпталган. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы өкмөттүн тапшырмасы менен атмайданын оңдоп-түзөөгө 480 млн сом табуу тапшырылган. Бул архитектура, курулуш агенттиги жана турак-жай, коммуналдык чарбасы тарабынан берилген сумма болгон. Кийинчерээк долбоор ээлери ат майданынын жарыш жолун эл аралык талапка ыңгайлаштыруу үчүн кошумча 248 млн сом сурап, өкмөт макулдугун 30-мартта берген. Июнь айында Мамлекеттик курулуш ишканасы тарабынан дагы 260 млн сомдук каржылоого уруксат берилген.

28-июнда парламенттин Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинде көчмөндөрдүн дүйнөлүк 2-оюну өтүүчү атмайданын оңдоо иштери 2,5 эсе кымбатка турганы, тагыраагы 1,14 млрд сом сарпталып жатканы жөнүндө айтылган.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк 2-оюну Кыргызстанда 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG