Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

6-июлдун аба ырайы: тоолордо кар жаашы мүмкүн


Соң-Көл.
Соң-Көл.

5 - 7-июлдагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

6-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, башка облустардын кээ бир райондорунда жаан жаайт, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15 - 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүзү 23…28,

Таласта түнкүсүн 0…15, күндүзү 22…27 градус ысыйт.

Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүзү 28…33,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүзү 28…33 градус ысык.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүзү 18…23,

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүзү 19…24 градус жылуу болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүзү 15…20, бийик тоолуу райондордо түндө -4…+1, күндүзү 5…10 градус жылыйт.

6-июлда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 14…16°, күндүзү 25…27° жылуу.

Ысык-Көлдүн күңгөйүндө суунун температурасы 4-июлда күндүз 21°, 5-июлда эртең менен 19° болду.

XS
SM
MD
LG