Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Венгрия качкындар боюнча референдум өткөрмөй болду


Венгриянын полициясы сириялык үй-бүлөнү чыгарып атканы.
Венгриянын полициясы сириялык үй-бүлөнү чыгарып атканы.

Венгрия премьер-министри Виктор Орбан 2-октябрда референдум өткөрүлөрүн билдирди. Анда жарандар Евробиримдиктин качкындарды жайгаштыруу боюнча милдеттемесине карата добуш бериши керек.

Орбан ЕБ өлкөлөрүндөгү лидерлер ичинен Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Түштүк Азиядагы куралдуу жаңжалдардан качкандарды кабыл алууга ачык каршы чыккандардын бири.

23-июнда эле Британия референдум өткөрүп, Евробиримдиктен чыгууну чечкен. Бул дүйнөлүк каржы базарын кыйла олку-солку кылды. Мажарлардын тандоосу да саясий жана экономикалык биримдикке кедерги тийгизет деген коркунуч бар.

Жаңжал аймактарынан, өзгөчө Сириядан качкан адамдардын өткөн жылы миллиондон ашууну Европага кирген. Бул Евробиримдик лидерлери кызмат абалынан аша пайдаланып, курамындагы өлкөлөрдүн пикири менен эсептешпей калды деген сындарды күчөткөн.

ЕБ жетекчилери мурдараак биримдиктеги өлкөлөр 160 миң качкынды бөлүп алууну макулдашканын, бирок ал толук аткарылбай жатканын билдирген. Милдеттенмени толук аткарбагандар үчүн качкын башына чектеп акчалай айыппул саларын да эскерткен.

XS
SM
MD
LG