Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

Өткөн суткада Донбасста үч жоокер набыт болду


Өткөн суткада Донбасста үч украин аскери набыт болуп, 13ү жаракат алышкан. Бул тууралуу Украина президентинин администрациясынан билдиришти.

Киевдин маалыматында, жикчилдер шейшембиге караган түнү ок атышууну токтотуу келишимин 60тан ашуун жолу бузуп, өкмөттүк аскерлер тарапты артиллериядан аткылашкан. Өзүн Донецк элдик республикасы атап алган аймактагылар болсо украин аскерлери 400дөн ашуун ок атышты деп айыпташууда.

БУУ 2014-жылдын жазынан бери Донбасстагы куралдуу чатак 9 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып, жыйырма миңдейин жарадар кылганын билдирген.

Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны жикчилдерди колдоп, курал менен жабдыйт деп айыптайт. Кремль айыптоолорду өзүнө жуутпай келет.

XS
SM
MD
LG