Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Британ парламенти Орусия жөнүндө баяндама жарыялады


Британия парламенти.
Британия парламенти.

Британ парламентинин коргоо боюнча комитетинин “Орусия: Бириккен Королдуктун коргонуусу жана коопсуздугу үчүн кесепеттер” аттуу жаңы баяндамасы Варшавада өтчү НАТО саммитине үч күн калганда жарыяланды. Саммиттин негизги темаларынын бири - альянстын Орусияга карата жалпы стратегиясын иштеп чыгуу.

Бул өңүттөгү документти парламент 2009-жылдан бери алгач ирет чыгарууда. Баяндамада 2014-жылы Крым аннексияланып, Украинанын чыгышында кризис башталгандан кийин Орусия менен мамиле сууй түшкөнү эске алынып, Британия армиясын жана НАТО күчтөрүн өнүктүрүү маселесине көп көңүл бурулган.

Документте Кремлде чечимдер кандай жол, стратегия менен кабыл алынып жатканы боюнча Батыштын түшүнүгү жок деген маселе көтөрүлөт. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирүүдө.

Британиялыктар бул абалды өкмөттүн эксперттик-аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү менен гана эмес, Москва менен терррорчулукка каршы күрөшүү сыяктуу тармактарда аскерий жана саясий кызматташтыкты жолго салуу аркылуу оңдоп кетүүнү сунушташууда.

XS
SM
MD
LG