Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Хиллари Клинтонго кылмыш иши ачылбайт


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

АКШ Федералдык тергөө бюросу Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы болуп турган кезде жумуш боюнча кат алышууларга жеке электрондук дарегинен пайдаланганы үчүн кылмыш ичи ачылбай турганын билдирди.

Бюро башчысы Жеймс Коми 5-июлда бул жагдайдагы айыптоолор негизсиз экенин айтты. Бирок мамлекеттик сырлар жазылган каттар үчүн жеке почтаны пайдалануу өтө этиятсыздык экенин белгиледи. Коминин айтымында, Хиллари Клинтондун жеке почтасындагы 110 катта мамлекеттик сыр бар экени аныкталган. Бирок Клинтон сурак маалында жеке почтасынан мамлекеттик сырлар жөнүндө кат алышпаганын билдирди.

Клинтондун шайлоо штабы маселе чечилгенине кубанычта экенин маалымдады. Ал эми анын атаандашы Дональд Трамп Федералдык тергөө бюросунун чечимин "адилетсиз" деп атады.

XS
SM
MD
LG