Мамлекеттик чек ара кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, 6-июль күнү “Манас” аэропортунан Бишкек-Анталия каттамындагы учактын жүргүнчүсү кармалды. 30 жаштагы жаран өлкөдөн чоочун бирөөнүн паспорту менен чыгып кетүүгө аракет кылган.
Ошондой эле 5-июль күнү Ош аэрпортунан Ош-Москва каттамынын жүргүнчүсү да чек ара көзөмөл бекетинен башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.
Кармалган жарандар УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин Чек ара кызматы маалымдады.(ZKo)