Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматын ИИМге өткөрүү жакында чечилет


Баңгизаттарын жок кылуу.
Баңгизаттарын жок кылуу.

Бул тууралуу ИИМдин маңзаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Турат Исаев журналисттерге билдирди. Анын 6-июлда берген маалыматы боюнча, Коргоо кеңешинде кабыл алынган чечимге ылайык, Маңзаттарды көзөмөлдөө башкармалыгы жоюлуп, анын иши ИИМге өткөрүлүп берилет. Бул жараян күзгө чейин ишке ашат, деп билдирди Турат Исаев.

4-июлда Коргоо кеңеши президенттин катышуусунда жыйын өткөрүп, анда күч түзүмдөрүн реформалоо маселесин караган. Анын жыйынтыгында Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматы жоюлуп, иши ИИМге өткөрүлүп берилери, ИИМдин алдында бир нече кызматтар түзүлөрү, прокуратурадан тергөө функциясы алынып, УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилери анык болгон.

Бийлик мындай кадам менен укук коргоо органдарындагы бири-бирин кайталаган мекемелерди жоюп, коррупцияны азайтууну максат кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG