Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдирди. Анын сөзү боюнча, 5-июлда "Кумтөр" алтын кенинде өрткө кабылган жаранды кечки саат 19 чамасында "Кумтөрдүн" дарыгерлери облустук ооруканага алып келишкен. Жабыркаган кишиге тиешелүү медициналык жана психологиялык жардамдар берилген. Дарыгерлердин айтуусунда, Асановдун бети, мойну, төшү жана далысы күйгөн:
-Абалын орто оор деп баалоого болот. Бизден бардык тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Бүгүн туугандарынын өтүнүчү менен Бишкекке жибердик.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 5-июль күнү "Кумтөр" алтын кенинде өрт чыккан. Андан кендин жумушчусу, 38 жаштагы Асылбек Асанов катуу жабыркаган.
"Кумтөр" алтын кен ишканасы азырынча бул окуяга байланыштуу маалымат бере элек.(ZKo;AsM)