Ирактын баш калаасы Багдадда 3-июлга караган түнкү бир катар жардыруулардан курман болгондордун саны 250гө жетти. Жүздөгөн адамдар жарадар болушту. Ирактын ички иштер министри Мохаммад Габбан бул окуядан кийин кызматтан кетерин жарыялады, бирок азырынча премьер-министри Хайдер Аль-Абади анын арызын кабыл ала элек.
Бул 2003-жылы бийликтен Саддам Хусейн кулатылгандан кийинки эң катуу теракт болуп калды. Жергиликтүүлөрдүн көбү коопсуздук кызматынын начар иштешине нааразы. Мындан улам теракт болгон жерге келген премьер-министрдин автоунаасы таш бараңга калганын “Аль-Жазира” телеканалы кабарлады.
Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алды.