Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

7-июлдун аба ырайы: нөшөрлүү жаан, сел жүрүшү ыктымал


Жайлоо.
Жайлоо.

6-7-июлдагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

7-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүзү 25…30,

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүзү 23…28 градус ысык.

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16 , күндүзү 23…28,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүзү 25…30 градус ысык.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүзү 19…24,

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүзү 18…23 градус жылуу.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүзү 15…20, бийик тоолуу райондордо түндө -2…+3, күндүзү 8…13 градус жылуу.

7-июлда Бишкек шаарында түнкүсүн жана түшкө чейин жаан-чачын болбойт, кечке жуук жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29° ысык.

XS
SM
MD
LG