Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 22:47

Испания соту “Барселона” клубунун футболчусу Лионель Мессини жана анын атасы Хорхе Мессини салык төлөөдөн качкан деген айып менен 21 айга түрмөгө кести.

Спортчу ошондой эле эки миллион евро өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми анын атасы 1,5 миллион евро төлөмөй болду.

Ошентсе да Рейтер агенттигин жазышынча, Месси атасы экөө түрмөдө отурбайт. Анткени испан мыйзамдарына байланыштуу, эки жылга чейинки эркинен ажыратуулар шарттуу деп эсептелинет. Сот процесси июнь айында башталган. Месси өзүнө тагылган айыптардан баш тартып, кирешелери тууралуу эч нерсе билбестигин, ал футбол менен гана алек болуп жүргөнүн айткан.

Америкалык "Форбс" журналынын рейтингине караганда, Месси акыркы он жылда эң көп акча тапкан спортчулар ичинде 10-орунда турат.

“Форбс” Мессинин акыркы он жылдагы кирешесин 350 миллион доллар деп эсептеген

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG