Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

АКШ менен Грузия аскерий байланыштарын тереңдетишти


АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Грузиянын президенти Георги Маргелашвили.
АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Грузиянын президенти Георги Маргелашвили.

АКШ менен Грузия коргонуу жана коопсуздук жаатында өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Шаршембиде баш калаа Тбилисиде кол коюлган документ грузин тарапка америкалык коргонуу шаймандарын сатып алууга шарт түзөт.

АКШнын мамкатчысы Жон Керринин Грузияга жасалган сапары маалында билим тармагында да кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Грузин өкмөт башчысы Георгий Квирикашвили менен биргелешип өткөрүлгөн маалымат жыйында Жон Керри АКШ Грузиянын “ооган операциясына” кошкон салымын бааларын айтты.

Керри грузин бийликтерин 8-октябрда боло турган парламенттик шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүнү камсыздап берүүгө чакырды.

АКШ мамкатчысынын Грузияга болгон эки күндүк сапары жума күнү Варшавада баштала турган НАТОнун саммитин утурлай өтүп жатат. Грузиядан кийин Керри Украинага барат.

XS
SM
MD
LG