Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Орто мектептерди интернетке байлоого тендер жарыяланды


Тендердин суммасы 163,6 млн сом, аны Билим берүү министрлиги жарыялады. Ага өлкөдөгү 603 мектепти интернет менен жабдуу милдети кирет. Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматтарга караганда, тендерде кошумча резервдик тизмедеги мектептерди да интернет менен жабдууга мүмкүнчүлүгү бар ишканаларга артыкчылык берилмекчи.

Тендер 27-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлөт. Анда утуп чыккан мекеме тендердин шартына ылайык, Кыргызстандагы 603 мектепти быйыл, 1-ноябрга чейин интернетке туташтырып бүтүүсү керек.

Кыргызстандагы 2000ден ашык мектептин беш пайызга жакыны гана интернет менен камсыз болгон. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, интернетке жете алган мектептердин көбү шаарларда жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG