Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Президент Атамбаевдин аткаруусундагы ырлардын CD альбому чыгат


Атамбаевдин "Судьбе назло" ырында Мелис Убукеевдин "Провинциальный роман" фильминдеги кадрлар колдонулган.
Атамбаевдин "Судьбе назло" ырында Мелис Убукеевдин "Провинциальный роман" фильминдеги кадрлар колдонулган.

Бул президенттин 60 жылдык мааракесине карата жакындарына жана туугандарына анын белеги болмокчу. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, ага орус тилиндеги беш, кыргыз тилинде беш ыр кирет.

Маалыматка ылайык, орус тилиндеги беш ыр «Экорекордс» студиясынын жардамы менен жазылды. Бул үчүн мамлекет башчы бир саатка жакын убактысын короткон. Эми кыргыз тилиндеги беш ырды президент Атамбаев август айындагы эмгек өргүүсү учурунда жаздырууну көздөөдө.

Ошондой эле президенттин аткаруусундагы ырларга союздун тушунда тартылган көркөм жана башка видео-тасмалардан клип даярдоо жагы да каралууда.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, CD-альбом өткөн жумада президенттин аткаруусундагы "Өтмүшкө өкүнбөй" ("Судьбе назло") ыры интернетке тарагандан кийин, көпчүлүктүн суроосу менен жазылууда.

​Атамбаев 2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин, эч кандай мамлекеттик кызматта калбасын, чыгармачылык менен алектенерин бир нече жолу билдирген.

Атамбаев 1956-жылы туулган. Быйыл 17-сентябрда 60 жашка чыгат.

Президенттин аткаруусундагы "Я не могу без тебя жить" тебя деген дагы бир ыры интернетке чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG