Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Обама менен Путин телефондон Сириядагы кырдаалды талкуулады


Кремль билдиргендей, сүйлөшүү орус тараптын демилгеси менен өттү жана анда Путин Обаманы Сирияда байистүү оппозициянын козголоңчуларын “ал-Нусра майданы” өңдүү экстремисттик топтордон бөлүүгө жардам берүүгө чакырды.

Эки лидер тең БУУ ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөр жандануусу керек деп эсептешти.

Ак үйдүн маалымдаганына караганда, президент Обама телефон сүйлөшүүсү учурунда Сирия режими ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда жетишилген макулдашуунун шарттарын сактай албай жатканына тынчсыздануу билдирди.

Ага катар Сирия режими чабуулдарын токтотуусу үчүн Орусия ага кысым көргөзүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Обама менен Путиндин сүйлөшүүсү Сирия армиясы алар кечээ 72 саат менен ок атышууну бир тараптуу түрдө токтотконун жарыялагандан кийин өттү.

Козголоңчул топтордун бир канчасы да Айт майрамы учурунда ок атышууну токтото турганын айтышты.

Вашингтон менен Москванын беш жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Сириядагы аракеттери кайчы чыгып жүрөт. Орусия президент Башар Асаддын режимин чыңдоону көздөсө, АКШ ага каршы чыккан байистүү оппозициячыл топторду колдойт.

Обама менен Путин соңку телефон сүйлөшүүсүндө Украина жаңжалын жана Азербайжан, Армения ортосундагы Тоолуу-Карабак талашын да талкуулашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG