Финансы министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, министрлик жолдун 35 чакырымын аягына чыгаруу үчүн кошумча 1 млрд сом тапты:
-Июль-август айларында Транспорт жана жол министрлигинин Жол департаменти аркылуу Балыкчы-Корумду жолунун курулушун каржылоо башталат. Бул сумма этап-этабы менен жолдун курулушуна сарпталат.
Маалымат катчынын айтуусунда, ар бир траншта 200 млн сомдон бөлүнүп берилет.
Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун 35 чакырымын сентябрдагы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына чейин бүткөрүүнү буга чейин премьер-министр Транспорт жана байланыш министрлигине тапшырган.
Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, долбоорду толук аяктоо үчүн 2,6 миллиард сом керектелет.(ZKo)