Башкы прокуратура өткөн айдын башында Санпа окуясы боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиев боюнча "сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган" деген айып менен Жалал-Абад облустук сотунун мурунку судьялары Амангелди Молдобаевге, Тилек Батырбековго жана Атамбек Маматовго кылмыш ишин козгогон. Аларга 2012-жылдын 25-октябрында Сузак райондук соту тарабынан июнь коогасынын уюштуруучусу катары айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Шамшидин Ниязалиевди 150 миң сом айыппул салып бошотуп жибергени үчүн айып тагылган. Ниязалиев качып кетүүгө жетишип, ошондон бери издөөдө.
Кылмыш иши козголгон судьялар үстүбүздөгү жылы 8-июнда кармалып, бирок Жогорку сот аларды үй камагына чыгарган.
2010-жылдын 12-13-июнь күндөрү Жалал-Абаддын Сузак районунда "Санпа" пахта заводунун жанында миңдей адам Ош-Бишкек кан жолун тосуп, буктурма уюштуруп, андан өткөндөргө кол салган. Ал окуяда он адам өлтүрүлүп, экөө дайынсыз жоголгон.
Санпа окуясы боюнча 19 адам кесилген. Алардын бирөө жашы 65тен ашканына байланыштуу 25 жылга, калгандарынын баары өмүр бою эркинен ажыратылган. 2012-жылы камалгандардын бирөө түрмөдө муунуп өлгөн.(ZKo)