Марафончулардын жолугушуусу 8-июлда Бишкектин түштүк тарабындагы Орто-Сай айылында жайгашкан Боз-Бөлтөк чокусундагы туунун алдында болот. Бул тууралуу америкалык күлүк Дин Карнасис өзү “Азаттыкка” кабарлады.
Май айында 12 жашар Бекжан Карымшаков мектеп куржунун асынган бойдон Ысык-Көлдө капыстан көрүп калган марафончулар менен 21 километр чуркап барган. Ал ошондон кийин белгилүү болгон.
54 жаштагы америкалык ультрамарафончу Дин Карнасис 4-июлда кыргыз-казак чек арасынан Таласка чуркап келип, 5-июлда Бишкекке чыккан. Ультрамарафончу Бишкектен Алматыга багыт алат.
Марафончу Дин Карнасис Ташкен-Бишкек-Алматы маршруту боюнча чуркап чыккан. (ZKo)