Мамлекет башчы адам өлүмүнө алып келген суу ташкындын кесепеттерине байланыштуу кырсыктан набыт кеткендердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан. Президент Алмазбек Атамбаев табигый кырсыкта жапа чегип, жабыркагандардын эртерээк айыгып кетүүсүн каалаган.
4-июлда Кытайдын борбордук жана түштүк провинцияларын каптаган суу ташкында 200гө чамалуу киши набыт болуп, жүздөн ашууну дайынсыз жоголгон.(ZKo)