Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Варшавада НАТОнун саммити башталды


Польшада башталган саммит эки күнгө созулат.
Польшада башталган саммит эки күнгө созулат.

Польшанын баш калаасында бүгүн НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жана уюмга өнөктөш мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда эки күндүк саммит өз ишин баштайт.

Варшавадагы саммитте Москва менен узакка созулган тирешүүгө багытталган коопсуздук чаралары талкууланарын байкоочулар белгилешүүдө.

Ошондой эле жыйында уюм өзүнүн чыгыш чек араларын бекемдөө үчүн миңдей аскерден турган төрт аскер батальонун Эстония, Латвия, Литва жана Польшада жайгаштыруу чечими кабыл алынары күтүлүүдө. Андан тышкары Румынияда да НАТОнун көп улуттуу аскерий бригада жайгашуусу ыктымал.

Уюм негизделгени 27 жогорку деңгээлдеги жыйын өткөн. Алардын алгачкысы 1957- жылдын декабрында уюштурулган. Соңку жыйын Уэльсте 2014-жылдын сентябрында өткөн. Польшадагы саммитке 58 расмий делегациянын катышуусу күтүлүүдө. Анын ичинде НАТОго мүчө 28 өлкө, уюмга өнөктөш 26 мамлекет, альянска кирүү алдында турган Черногория, БУУнун, Евробиримдиктин, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да бар. Жалпысынын бул иш-чарага 2500дөй делегат жана маалымат каражаттарынын 2000ден ашуун өкүлү катышары айтылууда.

XS
SM
MD
LG