Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Обама: НАТО саясий эркин көрсөтүшү керек


АКШ президенти Барак Обама Польшада башталган саммитке катышууда.
АКШ президенти Барак Обама Польшада башталган саммитке катышууда.

АКШнын президенти Барак Обама НАТО саясий эркин көрсөтүп, “Ислам мамлекети” сыяктуу экстремисттик топтордон, Орусиядан тарап жаткан коркунучтарга, Британиянын Евробиримдиктен чыгуу чечимине байланышкан кырдаалдын кесепеттерине жооп бергидей милдеттерди өзүнө алыш керектигин билдирди.

Варшавада баштала НАТОнун саммиттин утурлай Financial Times гезитине берген маегинде Обама “бул жыйын кансыз согуш аяктагандан бери трансатлантикалык альянс үчүн эң маанилүү учур болуп калыш ыктымалдыгын” белгиледи.

Варшавадагы саммитте Москва менен узакка созулган тирешүүгө багытталган коопсуздук чаралары талкууланарын байкоочулар белгилешүүдө.

Ошондой эле жыйында уюм өзүнүн чыгыш чек араларын бекемдөө үчүн миңдей аскерден турган төрт аскер батальонун Эстония, Латвия, Литва жана Польшада жайгаштыруу чечими кабыл алынары күтүлүүдө.

“Орусиянын Украинага каршы багытталган агрессиясы Европанын бүтүндүгүнө, эркиндигине жана тынчтыгына да коркунуч жаратууда”, деп айтты АКШ президенти. Обама өз сөзүндө Париж, Брюссель, Стамбулда соңку жылда болгон теракттарга, Британиядагы референдумдун жыйынтыктарына, Африка, Сирия жана Ооганстанда токтобой жаткан куралдуу кагылышууларга токтолду.

Бүгүн Польшанын баш калаасында НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жана уюмга өнөктөш өлкөлөрдүн саммити башталды. Эки күнгө созулган бул жыйын президенттик мөөнөтү аяктап бараткан Обама үчүн акыркы саммит болмокчу.

XS
SM
MD
LG