Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу түркмөн журналистин бошотууга чакырат


Сапармамед Непескулиев
Сапармамед Непескулиев

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу түркмөн бийликтерин “Азаттыктын” түркмөн кызматынын штаттан сырткаркы журналисти, өлкөдөгү башка бир катар көз карандысыз медиалар менен кызматташып келген Сапармамед Непескулиевди бошотууга чакырат.

Компаниянын президенти Томас Кент Непескулиевдин куугунтукталышын “акылга сыйбас жана гумандуулукка каршы” деп атады.

- Бийлик тымызын, эч жазасыз, мыйзамдуу соттун чечими жок эле өзү жашаган коом тууралуу чындыкты жазган журналистти эркинен ажыртса болот деп эсептейт, - деди ал.

Непескулиев бир жыл мурда дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк ал кармалганы дайын болгон. 2015-жылдын 31-августунда соттун жабык өткөн жыйынында журналист мыйзамсыз маңзат сактап жүргөн деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Азыр ал кайсы абакта отурганы беймаалым. Адвокаттарга жолугушууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Укук коргоочулар Непусклиевга каршы ачылган кылмыш иштин саясий мүдөөсү бардыгын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG