Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Далластагы кылмышкер “ак адамдарды өлтүрүүнү” көздөгөн


Далластагы атышуудан беш полициячы мерт кетти.
Далластагы атышуудан беш полициячы мерт кетти.

Далластагы атышуудан кийин кармоо операциясы маалында өлтүрүлгөн шектүүлөрдүн бири полицияга “ал ак адамдарды жок кылууну, өзгөчө ак полициячыларды өлтүрүүнү көздөгөнүн” айтууга үлгүргөн. Бул тууралуу шаардын полиция башчысы Девид Браун 8-июлда жасаган билдирүүсүндө айтты. Ал ошондой эле шектүү буга чейин полиция тарабынан ынды кара адамдардын өлтүрүлүшүнө кыжыры келгенин айтканын кошумчалады.

- Ал эч кандай топтор менен байланышы жоктугун, өзү жалгыз экенин билдирди, -деди Браун.

Шектүү кармоо маалында полицияга каршылык көрсөтүп, атышуу маалында жок кылынды. Үч шектүү делген адам кармалды.

Нааразылык акциясынын жүрүшүн көзмөлдөп жаткан полицияга кол салуу 7-июлдун кечинде болгон. Чабуулда беш полициячы мерт кетип, жетөө жарадар болгон. Алардын бири жайкын тургун. Бул акциялар июль айынан башында полиция эки афроамерикалык Элтон Стерлинг менен Филандо Кастайлды атып салышкандан кийин Далласта жана АКШнын башка шаарларында башталган.

XS
SM
MD
LG