Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Обама: НАТО менен Европа бирге болот


АКШ президенти Барак Обама Варшавада
АКШ президенти Барак Обама Варшавада

Президент Барак Обама АКШ жана анын Европадагы өнөктөштөрү Британиянын Евробиримдиктен чыгуу тууралуу чечимине карабастан коопсуздукту камсыздоо жана кризистерди чечүү боюнча биргелешкен иш алып барууну уланта берерин айтты. Ал бул тууралуу Варшавада бүгүн башталган НАТО саммитинин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

“Британия НАТОнун таасирдүү мүчөсү болуп кала береринде менин күмөнүм жок”- деп айткан Обама мурдараак Financial Times гезитине берген маегинде.

Варшавадагы эки күнгө созулган саммитте Москва менен узакка созулган тирешүүгө багытталган коопсуздук чаралары талкууланат. Ошондой эле жыйында уюм өзүнүн чыгыш чек араларын бекемдөө үчүн төрт миңдей аскерден турган төрт аскер батальонун Эстония, Латвия, Литва жана Польшада жайгаштыруу чечими кабыл алынары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG