Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

ТИМ ишинин негизги багыттары аныкталды


Тышкы иштер министрлигинин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Мекемеден кабарлашкандай, кечээ президенттик, парламенттик жана өкмөттүк аппараттардын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү. Анда министрликтин биринчи жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, алдыга негизги иш-максаттар аныкталды.

Бельгиядагы, Малайзиядагы кыргыз элчиликтеринин, ТИМдин Оштогу өкүлчүлүгүнүн жана Дипломатиялык академиянын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду.

Министр Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн тышкы саясий шарттарды жакшыртуу, эл аралык аренадагы улуттук кызыкчылыктарды коргоо багытындагы активдүү ишти улантуу зарылчылыгын белгиледи.

Кыргызстан 120га жакын өлкө жана 70тен ашуун эл аралык уюм менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Чет жакта 30дай элчилик жана 10 чакты консулдук бар. (RK)

XS
SM
MD
LG