Участкалык шайлоо комиссияларын жаңыртууга резервдеги курам жетишсиз болууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, комиссия курамына кирүүнү каалагандар 1-августка чейин кайрылып, документтерин тапшырышы керек.
Азыркы участкалык комиссиялар аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен 2014-жылы 2 жылга түзүлгөн, андыктан алардын иш мөөнөтү быйыл аяктоодо.
Боршайкомдон кабарлашкандай, резервди толуктоого саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катыша алат.
Участкалык комиссия 7 мүчөдөн турат. Резерв 5 жылга түзүлөт.
Быйыл күзүндө жергиликтүү бийликке шайлоо өтөт, ал эми 2017-жылы Кыргызстан президент шайлайт. (RK)