Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 22:32

Өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча чараларды активдештирүү зарыл.

Мындай талап бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушуусунда коюлду.

Министр быйыл күзүндө өтүүчү ири эл аралык иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга даярдык тууралуу, ошондой эле туристтик сезон мезгилинде коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндап берди.

Андан тышкары ички иштер министри милиция кызматкерлери үчүн турак жай куруу боюнча алдыдагы мерчемдер жөнүндө да маалымат берди.

Кашкар Жунушалиев ИИМ башчысы болуп 2-июнда дайындалган. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG