Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргыз жарандары Түркиянын эмгек визасын эң көп сурагандар катарында


Түркияда иштөө үчүн бул өлкөнүн эмгек визасын сурап кайрылгандардын саны өсүүдө. Соңку 6 ай ичинде Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигине эмгек визасы үчүн расмий түрдө 45 миң чет элдик жаран кайрылган. Алардын 38 миңден ашуунуна виза берилген.

Уруксат алгандардын арасында эң көбү Сирия, Грузия, Украина жана Кыргызстан жарандары.

4-орунду ээлеген Кыргызстандан быйыл 6 ай ичинде 2355 жаранга виза ачылган.

Мындан тышкары Түркмөнстан, Кытай, Өзбекстан, Индонезия, Орусиядан да эмгек мигранттары виза алган. (ElB)

XS
SM
MD
LG