Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Президенттин кызы кезектеги кайрымдуулук акциясын баштады


Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кезектеги кайрымдуулук акциясын баштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Жакында мен тарткан сүрөттөр жана логотип түшүрүлгөн түрдүү размер, түстөгү футболка, майкалар чыгат. Бул кийимдерди сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Даун синдромуна чалдыккан балдардын ата-энелеринин "Сантерра" коомдук фондуна берилет. Сапаты 100% болот." дейт Алия Шагиева.

19 жаштагы Алия тууралуу кеңири коомчулукка быйыл март айында белгилүү болгон. Ал өзү тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, сатыктан түшкөн 200 миң сомду Даун синдрому менен ооруган балдарды дарылоого өткөрүп берген.

Президенттин кызынын кайрымдуулук акциялары социалдык түйүндөрдө түрдүү реакция жаратып келатат. Айрымдар колдоп, мактаса, айрымдар мунун баарын PR акция деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG